Сузактагы тууну өрттөгөн окуя: Диний кырдаал көзөмөлдөбү?

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Сузак районунун эки мектебинде жана айыл өкмөтүндө илинип турган мамлекеттик тууну өрттөп, анын ордуна ак мата илип кеткен факты катталды. Бул окуяны азыркы тапта күч органдары иликтеп, күнөөлүүлөрдү аныктап жатат.

Ушундан улам коомчулукта өлкөдө диний кырдаал кандай, коопсуздук жайындабы деген сыяктуу бир катар суроолор пайда болду.