Кыргызстандын Алматыдагы башкы консулу алмашты

Алматы шаары.

Назарали Арипов Кыргызстандын Алматы шаарындагы башкы консулу кызматынан бошотулду. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койгонун мамлекет башчынын басма сөз кызматы маалымдады.

Президенттин дагы башка жарлыгы менен Жеңишбек Асанкулов Казакстандын Чымкент шаарын, Алматы, Жетисуу, Жамбыл, Түркестан жана Кызылордо облустарынын аймагын камтыган консулдук округу менен Кыргызстандын Алматы шаарындагы башкы консулу болуп дайындалды.

Назарали Арипов бул кызматка 2021-жылы дайындалган. Ага чейин 2010-2015-жылдары V чакырылыштагы Жогорку Кенештин депутаты, Борбордук шайлоо комиссиянын мүчөсү болгон. (BTo)

Дагы караңыз

Аскат Жетигендин сотунда иштин материалдарын изилдөө аяктадыКыргызстанда 300дөй турак жай, коммерциялык объектинин курулушу мыйзамсыз деп табылдыТянанмэндеги кандуу окуянын 35 жылдыгы: Кытай коопсуздук чараларын күчөттүГазада мерт болгондор 36 миңден ашканы, барымтадагы төрт израилдик каза тапканы кабарланды УКМК "Йакын инкар" агымынын лидерлеринин бири кармалганын маалымдады