Жалал-Абадда автоунаа коюп кеткен индиялык кыз каза болду

Иллюстрациялык сүрөт.

Жалал-Абад шаарында автоунаа сүзүп кеткен индиялык кыз 29-май күнү каза болуп калганын облустук оорукананын жандандыруу бөлүмүнүн дарыгери "Азаттыкка" кабарлады.

Маркум 14-майда автоунаа коюп кеткенден кийин оор жаракат алып, бейтапкананын жандандыруу бөлүмүндө жаткырылган. Маалыматты облустук милициянын басма сөз кызматы "Азаттыкка" тастыктады. Аны коюп кеткен айдоочу кармалып, милициянын убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Жалал-Абад шаардык сотунун 27-майындагы токтому менен 24-июлга чейин үй камагына чыгарылган.

Индиялык кыз Жалал-Абад мамлекеттик университетинде 1-курста окуп жаткан.

Ички иштер министрлиги быйыл төрт айда Кыргызстанда жол кырсыктары 4% өскөнүн билдирген. Министр Улан Ниязбеков майдагы жыйында адам өлүмү менен коштолгон жол кырсыктары боюнча эл арасында катуу талкуу жаралгандан кийин гана реакция жасоо өнөкөткө айланганын сындап, алдын алуу иштерин күчөтүүнү тапшырган.

ИИМдин маалыматында, Кыргызстанда 2023-жылы 7 миңге чукул жол кырсыгы катталып, андан 783 адам каза болду. Көз жумгандардын саны 2022-жылга салыштырганда 13,5% көп.(TB/ZKo)

Дагы караңыз

Парламент комитети Зулушевдин кызматтан кетүү арызын колдодуЖогорку Сот Муртазалиевдин добушун кайра жараксыз деп таптыИранда парламент төрагасы президенттик шайлоого талапкерлигин көрсөттү"Жунда" заводуна абаны булгаганы үчүн 28 миң сом айып пул салынды Украина боюнча тынчтык саммитине АКШдан вице-президент Камала Харрис катышат