Парламент комитети Зулушевдин кызматтан кетүү арызын колдоду

Курманкул Зулушев.

Парламенттин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитети 4-июндагы жыйынында башкы прокурор Курманкул Зулушевдин кызматтан кетүү боюнча арызын канааттандырды. Бул тууралуу “Азаттыкка” депутат Гуля Кожокулова билдирди. Анын сөзү боюнча, жыйынга Курманкул Зулушев өзү келген жок.

Маселе эми Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында каралат.

Курманкул Зулушев өз каалоосу менен кызматтан кетүү тууралуу президент Садыр Жапаровго арыз жазганы 3-июнда белгилүү болгон. Президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов президент Садыр Жапаров башкы прокурордун кызмат ордуна прокуратура системасынын ичинен талапкерлерди карап жатканын айткан.

54 жаштагы Курманкул Зулушев 2000-жылдан бери прокуратура тармагында иштеп, 2007-2013-жылдары Чүй облусунун Сокулук райондук сотунун судьясы, 2013-2015-жылдары Бишкек шаардык сотунун судьясы болуп эмгектенген.

2015-2020-жылдары Жогорку Кеңештин VI чакырылышынын депутаты болгон. Ал 2020-жылы Октябрь окуясынан кийин 21-октябрда башкы прокурор болуп дайындалган. (BTo)

Дагы караңыз

Жогорку Сот Муртазалиевдин добушун кайра жараксыз деп таптыИранда парламент төрагасы президенттик шайлоого талапкерлигин көрсөттү"Жунда" заводуна абаны булгаганы үчүн 28 миң сом айып пул салынды Украина боюнча тынчтык саммитине АКШдан вице-президент Камала Харрис катышат