Иранда парламент төрагасы президенттик шайлоого талапкерлигин көрсөттү

Мохаммад Бакер Калибаф.

Иранда парламент төрагасы, мурдагы аскер жетекчилеринин бири Мохаммад Бакер Калибаф 28-июнда өтө турган президенттик шайлоого талапкер болуу үчүн арызын тапшырды. Жалпысынан, өткөн айда тик учак кырсыгында каза болгон Эбрахим Раисинин ордуна мамлекет башчылыкка талапкерлигин көрсөткөндөр отузга чамалады.

Президенттикке талапкерлерден арыз кабыл алуу 3-июнда соңуна чыкты.

Ирандын жогорку руханий лидери, аятолаа Али Хаменеи бекиткен, консервативдүү көз караштагы 12 кишиден турган Сакчылар кеңеши талапкерлерди текшерип чыгып, кимиси шайлоого катыша аларын 11-июнда жарыялайт.

62 жаштагы Калибаф буга чейин президенттик шайлоого үч жолу - 2005, 2013 жана 2017-жылдары катышкан. 2017-жылдагы шайлоодо ал экинчи орунду ээлеген Раисини колдоп, андан ары ат салышуудан баш тарткан.

1997-2000-жылдары Калибаф Ирандын «Ислам ыңкылабынын сакчылар корпусунда» командачы, 2000-2005-жылдары Ирандын полиция башчысы жана 2005-2017-жылдары борбор калаа Тегерандын мэри болуп иштеген. Парламент төрагасы болуп 2020-жылдын май айында шайланган. Ал өкмөткө каршы чыккан демонстранттарды күч менен тараткан жетекчилердин бири деп айтылып келет.

Талапкерлигин көрсөткөндөрдүн арасында буга чейинки шайлоого катышуу укугунан ажыратылган, реформатордук көз карашы менен таанылган Эшаг Жахангири да бар экенин 3-июнда Ирандын мамлекеттик маалымат каражаттары билдиришти. Жахангири 2013-2021-жылдары президент Хасан Роуханинин тушунда вице-президент болуп иштеген.

64 жаш курагында каза болгон Раиси Иранды 2021-жылдын август айынан бери башкарды. Раиси, тышкы иштер министри Хосейн Абдоллахиян жана башка бир нече киши бараткан тик учак 19-майда Ирандын Азербайжан менен чек арасында кырсыкка учурап, каза болгону расмий кабарланган.

20-майда биринчи вице-президент Мохаммад Мохбер президенттин милдетин аткаруучу болуп дайындалган. Президенттик шайлоо 28-июнга белгиленген.

«Ирандагы адам укуктары боюнча борбор» (CHRI) уюмунун маалыматына караганда, 2023-жылы Иранда 700 адам дарга асылган. (RK)

Дагы караңыз

"Жунда" заводуна абаны булгаганы үчүн 28 миң сом айып пул салынды Жогорку Сот Муртазалиевдин добушун кайра жараксыз деп таптыУкраина боюнча тынчтык саммитине АКШдан вице-президент Камала Харрис катышатАба ырайы: Тоолуу аймактарда жаан жаайт