Чүйдө өрт кырсыгынан бир адам каза тапты

Өрт өчүрүү учуру. Аламүдүн. 3-июнь, 2024-жыл.

3-июнь күнү Аламүдүн районунда "Ак-Жол" өткөрүү бекетинин жанында жайгашкан "Бишкек - Алма-Ата" кафесинин артындагы чарбалык курулушта күйүүчү май куюп жаткан учурда чыккан өрттөн 21 жаштагы жаран каза тапты.

21 жаштагы дагы адам "Тез жардам" менен ооруканага жеткирилген. Жабыркаган жарандын денеси 9% күйгөнү, абалы туруктуу экени кабарланганын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) маалымдады. Ага ылайык, кыргыз-казак чек арасындагы "Ак-Жол" өткөрмө бекетине жакын жайгашкан кафеде өрт чыкканы тууралуу маалымат саат 11:50 чамасында түшкөн. Өрттү өчүрүүгө Аламүдүн райондук өрт өчүрүү кызматынан эки бригада жиберилген. Өрт толугу менен эки саатта өчүрүлгөн.

Расмий маалыматтар боюнча, Кыргызстанда былтыр баш-аягы 3 497 өрт кырсыгы катталып, андан 35 адам каза болгон. 31 киши жаракат алган. Тилсиз жоо 1 млрд 410 млн 377 миң сом материалдык зыян алып келген.(ZKo)

Дагы караңыз

"Kолу-бутубузду байлап атышат". Өзбек имамдарына пост жазууга, лайк басууга тыюу салынды11 журналисттин иши Ленин райондук сотунда карала баштайтКонцлагердеги "мусулмандар" жана кыргыз коомуна чакырык Шаардык сот "Клооп" сайтын жабуу чечимин мыйзамдуу деп тапты