3-июнь: Баш прокурор Зулушев кызматтан кетти, Астана "Талибанды" кара тизмеден чыгарды

Курманкул Зулушев.

3-июнда Кыргызстанда жана дүйнөдө эмне болду? “Азаттык” күндүн башкы жаңылыктарын тизмектейт.

Баш прокурор Курманкул Зулушев кызматтан кетти

Зулушев өз каалоосу менен кызматтан кетүү тууралуу мамлекет башчы Садыр Жапаровго арыз жазганын президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов билдирди. Ал президент бул кызмат ордуна прокуратура системасынын ичинен талапкерлерди карап жатканын айтты. Зулушев 2020-жылы Октябрь окуясынан кийин 21-октябрда башкы прокурор болуп дайындалган. Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, оппозициялык саясатчы Адахан Мадумаров Зулушев прокуратураны жетектеп турганда “өлкөдө мыйзамсыздык күчөгөнүн” билдирди.

Сотто “кемпирабадчылар” сурала баштады

Бишкектин Биринчи май райондук сотунда Кемпир-Абад иши боюнча айыпталып камакта жаткан саясатчы жана активисттер суракка алына баштады. Бишкектеги №1 тергөө абагында отурган оппозициялык саясатчы Равшан Жээнбеков Фейсбукка кат жарыялады. Катта ишти карап жаткан судья Марат Сыдыков прокурорлорго айыптоо актыларын толук окутпай туруп эле шектүүлөрдү суракка алып баштаганы, бул мыйзам бузуу экени жазылган. Кыргыз-өзбек чек арасындагы Кемпир-Абад суу сактагычынын жери Өзбекстанга өтүп жатканына каршы пикирин билдирген 27 саясатчы, активист жана укук коргоочулар 2022-жылы октябрда камалган. Ушул тапта кармалгандардын ичинен сегиз киши тергөө абагында калды. Калгандары түрдүү жагдайда үй камагына чыккан. Аларга “Массалык баш аламандыктар” жана “Бийликти күч менен басып алуу” беренелери менен айып тагылган. Шектүүлөр мунун баарын "саясий куугунтук" катары сыпатташат.

Миң-Кушта “Росатомдун” автоунаасы кырсыкка кабылды

Жумгал районунун Миң-Куш айылында 1-июнда “Туюк-Суу” уран калдыгын сактоочу жайдан уран калдыктарын ташып иштеген “HOWO” үлгүсүндөгү оор жүк ташыган машина кырсыкка кабылып, сайга кулап түшкөн. Бул маалыматты “Азаттыкка” Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) басма сөз кызматы ырастады. Мекеменин маалыматына ылайык, автоунаа кырсыкка учураган маалда бош болгон. Министрлик уран калдыктарын ташыган машиналар дезинфекциядан өтүп турарын жана акыркы кырсыктан кийин эч кандай кооптонуу жок экенин кошумчалады. Миң-Куш айылында “Туюк-Суудагы” уран калдыктарын “Дальнее” сактоо жайына ташуу иштери 2023-жылдын август айында башталган. Аны орусиялык “Росатом” ишканасы ишке ашырууда.

Рафахта Израил армиясынын чабуулу уланууда, АКШ тынчтык планына жооп күтүп жатат

Reuters маалымат агенттиги Ак үйдөгү булактарына таянып маалымдаганына караганда, АКШ ок атышууну адегенде алты аптага токтотуу тууралуу планга ХАМАС (АКШда жана Европа Биримдигинде террордук топ деп жарыяланган) макул болсо, аны Израил да кабыл аларына үмүттөнүүдө. Бул планды өткөн аптада Кошмо Штаттардын президенти Жо Байден сунуш кылган. Анда атышууну токтото туруудан тышкары Газага гуманитардык жардамды көбөйтүү, ХАМАС барымтада кармап отурган израилдиктер менен чет элдиктерди Израилдин абактарында жаткан палестиндерге айырбаштоо сунуштары да бар. Бул сунуш Израил өкмөтүнүн айрым мүчөлөрү арасында катуу каршылык жаратууда.

Украинанын үч облусу чабуулга кабылды, Зеленскийдин Түштүк-Чыгыш Азия сапары уланууда

Украина дүйшөмбүгө караган түнү Харьков облусунун аймагы кеминде беш жолку ракеталык чабуулга кабылганын билдирди. Облустук аскердик администрация кабарлагандай, эс алуу комплекстеринин бирине тийген ракетадан бир киши каза болду, эки киши жараат алды, имарат талкаланды. Сумы облусуна да ракеталык сокку урулганы, 21 жерде жарылуу болгону, орус аскерлери кээ бир айылдарды миномет жана артиллерия менен аткылап, согуштук дрон менен жардыргыч таштаганы маалымдалды. Жалпысынан Сумы жана Черников аймагына кеминде 30 жолу сокку жасалганын жергиликтүү бийлик билдирди. Украин президенти Владимир Зеленский расмий сапар менен Филиппинге барып, эки мамлекет ортосундагы кызматташтык тарыхында алгачкы жолу өлкө президенти Фердинанд Маркос менен жолугушту.

Казакстан "Талибанды"тыюу салынган уюмдар тизмесинен чыгарды

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев «Талибанды» өлкөнүн террорчул уюмдар тизмесинен чагырууга Ооганстандын талибдер көзөмөлдөп турган өкмөтү менен соода-экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүү ниети себеп болгонун билдирди. Ал Алматы шаарында Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун (ЖККУ) Парламенттик ассамблея кеңешинин жыйынында сүйлөп жатып, азыркы тапта Ооганстанды аймак аралык байланыштарга активдүү тартуу стратегиялык маселелердин бири экенин токтолду. Ооганстанды 1996-2001-жылдары башкарган «Талибан» бийликти 20 жылдан кийин, 2021-жылы август айында америкалык аскерлер өлкөдөн чыгып кеткенден кийин кайрадан бийликти өз колуна алган. Кыргызстан азырынча “Талибанды” Ооганстандын расмий бийлиги деп тааныбай турганын Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов “Азаттыкка” билдирген.

Мексиканын тарыхында алгачкы жолу президенттик шайлоодо аял талапкер жеңди

2-июнда өткөн шайлоонун баштапкы жыйынтыгына караганда, борбор калаа Мехиконун мурдагы мэри, азыркы президент колдогон Клаудия Шейнбаум алдыда келатат. 61 жаштагы Шейнбаум добуштардын дээрлик 60% жакынын алганы кабарланды. Анын талапкерлигин солчул үч партиянын, анын ичинде азыркы мамлекет башчы Андрес Мануэл Лопес Обрадордун да партиясы кирген Sigamos Haciendo Historia коалициясы көрсөткөн. Физик окумуштуу Шейнбаум 2007-жылы Климаттын өзгөрүүсү боюнча эксперттердин өкмөт аралык тобунун мүчөсү катары Нобелдин Тынчтык сыйлыгын алган. Бул шайлоо өнөктүгү Мексикада ондогон адам өлүмү менен коштолду.

Мунарбек Сейитбек уулу Олимпиадага жолдомо алды

Бокс боюнча улуттук курама команданын мүчөсү Мунарбек Сейитбек уулу Париж Олимпиадасына жолдомо алды. Ал Таиланддын борбору Бангкок шаарында өткөн лицензиялык мелдеште 57 кг чейинки салмакта коло медал утту. Спортчу Италиянын, Мозамбиктин, Уругвайдын, Азербайжандын мушкерлерин жеңип, жарым финалга чыккан. 1/2 финалдык беттеште украиналык спортчуга жеңилип, ал эми коло медал үчүн беттеште индиялык мушкерди жеңип, Париж Олимпиадасына жолдомо утту. 57 кг чейинки салмакта Олимпиадага жалпы үч жолдомо ойнотулган. Ушуну менен Кыргызстанда Париж олимпиадасына 15 жолдомо болду.

“Азаттыктын” бул жана башка жаңылыктарын Telegram жана WhatsApp платформаларынан да окуп туруңуз.