"Энем Алайга көмгүлө деп ыйлачу". Вандык кыргыздар тарыхый журтуна келди

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Түркиядагы вандык кыргыздардын урпактары жарым кылымдан кийин ата журту Алайга келип, тууган-тушкандарына, анын ичинде эки-үч жыл мурун Памирден көчүп келген боордошторуна жолугуп кетти.

Түркиядагы вандык кыргыздардын урпактары жарым кылымдан кийин ата журту Алайга келип, тууган-тушкандарына, анын ичинде эки-үч жыл мурун Памирден көчүп келген боордошторуна жолугуп кетти. Алар ата-бабалары ушул аймактан журт которгонун айтып, ондогон жылдардан кийин биринчи жолу кичи мекенине кайрылып келишкенин “Азатыкка” айтып беришти. Вандык кыргыздар “Аталар изи” коомдук фонду өткөргөн улуттук кийим көргөзмөсүнө келишкен экен.