Украина жана Орусия ортосунда бүгүн 31-майда үч айдан берки кезектеги туткун айырбаштоо жүргөнүн эки өлкөнүн өкүлдөрү билдиришти. Айырбаштоо тууралуу сүйлөшүүлөргө Бириккен Араб Эмирликтери (БАЭ) ортомчулук кылды.
Орусия 75 туткунун алганы, Украина туткундагы 71 жоокерин жана төрт жай тургунун кайтарып алганы маалымдалды.
Ошондой эле бүгүн эки өлкө каза болгон жоокерлеринин сөөгүн бири-бирине өткөрүп беришти. Орусия 45, Украина 212 маркумдун сөөгүн алды. Украиналыктар Донецк, Запорожье, Луганск жана Харьков багыттарында курман болгондор экени кабарланды.
26-апрелде Орусия 36, Украина 140 жоокеринин сөөгүн айырбаштап алган. (RK)
Дагы караңыз
31-май: Журналист Капаровдун иши, экс-президент Трамптын соту, жылуулуктун, ысык суунун тарифи"Туткундагы атамды көрүп нес болдук". Оштон Орусияга барып, Украинада табылган АлишерТатарстан: Сот журналист Алсу Курмашеванын абак мөөнөтүн узартты