Белгисиз адамдар Сузак районундагы №4 Б.Шамшиев атындагы жана №88 С.Атабеков атындагы орто мектептердин, ошондой эле Атабеков айыл өкмөтүнүн имаратына илинген мамлекеттик желектерди өрттөп, ордуна араб жазуусу бар ак матаны илип кетишкен. Бул мектептерде окутуу кыргыз жана өзбек тилдеринде жүрөт.
Облустук милициянын маалыматында, окуя 30-майга оогон түнкү саат 3:20-4:00 чамасында болгон. Саат таңкы 04:15 чамасында Сузак райондук милициясына Бек-Абад айылынын тургуну айылдык мектепке араб жазуусу бар ак мата илинип калганын маалымдаган.
Нөөмөттөгү милиция кызматкерлери окуя болгон жерге барып, ушундай эле арабча жазуусу бар ак желек эки мектепке жана Атабеков айыл өкмөтүнүн имаратына илингенин, белгисиз бирөөлөр желектерди өрттөп салышканын аныкташкан.
Милиция бул окуя боюнча иликтөө жүргүзүп жатканын, желектерди өрттөп, ордуна ак мата илген адамдарды аныктоо иштери жүрүп жатканын кабарлады. (ZKo)
Дагы караңыз
Милиция кылмыш ишин оң жагына чечүү убадасы менен опузалап акча талап кылууга шектүүнү кармады "Туткундагы атамды көрүп нес болдук". Оштон Орусияга барып, Украинада табылган АлишерИзраил Рафахта жалпысынан 300дөй согушкер жок кылынганын билдирди Атазовдун мандаты: Муртазалиев менен БШКнын талашыДүйнөлүк көчмөндөр оюндарына бөлүнгөн каражаттарды кымырып алган аткаминерлер кармалдыХарьковго жасалган ракеталык чабуулдан дагы беш киши каза болду