31-майда Ош мамлекеттик университетинде Кытайдын Jiangsu Huibo Robotics компаниясы менен биргеликте "Робототехника жана Жасалма интеллект" борбору ачылды.
Окуу жайдан "Азаттыкка" маалымдашкандай, ОшМУ тарабынан №12 кесиптик лицейдин аймагына бөлүнгөн 500 чарчы метр аянтчага компания 5 млн долларлык робототехникаларын жана керектүү жабдууларын алып келген.
Борбордун алдында 2024-2025-окуу жылында ОшМУнун математика, физика, техника жана информациялык технологиялар институтунун базасында Кытайдагы бир университет менен биргеликте мехатроника жана робототехника адистиги боюнча 1-курска бакалаврга студенттер кабыл алынат. Аны менен катар жеткинчектер жана мектеп окуучулары үчүн робототехника курстары ачылат. Роботехника адистигин аяктаган бүтүрүүчүлөрдү жергиликтүү жана эл аралык өндүрүш тармагында иш алып барган компанияларга жумушка орноштуруу пландалган.
2024-жылдын апрель айында Кытайдын Сучжоу шаарында Jiangsu Huibo Robotics компаниясы менен ОшМУнун ортосунда эки тараптуу кызматташуу келишимине кол коюлган.
Jiangsu Huibo Robotics компаниясынын Кытайдын бир топ шаарларында заводдору, филиалдары, лабораториялары бар. Жалпысынан өндүрүшкө керектелүүчү, завод-фабрикаларда колдонулуучу роботторду иштеп чыгарат. Билим берүү тармагында да бир нече долбоордун үстүндө иштешет.(DSh)
Дагы караңыз
Венгрия: Ара жолдо калган кыргызстандык мигранттар Казакстандагы жер титирөө Бишкекте да сезилдиАкын жана журналист Бурулкан Сарыгулованын эки китеби жарык көрдүВенгрия: 300дөй кыргызстандык мигрант ишсиз калды