Өзбекстанда эки миң жыл мурдагы шаардын орду табылды

Иллюстрациялык сүрөт.

Өзбекстандын түштүк аймагында археологдор эки миң жыл мурдагы шаардын калдыктарын табышканын бүгүн 30-майда «Азаттыктын» өзбек кызматы Сурхандарыя облустук администрациясынын басма сөз кызматынын маалыматына таянып жазды.

Кытайлык адистер менен чогуу уюштурулган өзбек-кытай биргелешкен экспедициясы алкагында археологдор Узун районунун аймагынан төрт миң жылдык бейиттерди жана эки миң жыл мурдагы шаардын калдыктарын таба алышканы маалымдалды.

Казуу иштери учурунда карапа идиштер, курал, зер буюмдар, статуэткалар, шаардын мунарасынын калдыктары табылды.

Окумуштуулардын пикиринде, бул археологиялык табылга Кан, Кушан жана Юэчжи (Массагеты) доорлоруна, б.з.ч. II жана б.з. III кылымга таандык.

Өзбек-кытай археологиялык экспедициясы изилдөө иштерин улантууда. (RK)

Дагы караңыз

Орус күчтөрү Украинанын тогуз аймагына авиасокку урдуЖурналист Актилек Капаровдун абактан жазган каты"Олимпиаданын тарыхый алтынын күтөбүз"Өндүрүш Токтонасыровдун сот иши кайра жанданды