Жыргалаң суусуна түшүп кеткен экинчи кыздын да сөөгү табылды

Куткаруучулар.

Ысык-Көл облусундагы Жыргалаң суусуна түшүп кеткен жети жаштагы кыздын сөөгү он күндөн кийин табылганын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 28-майда кабарлады. Үч күн мурда куткаруучулар алты жаштагы кыздын сөөгүн алып чыгышкан.

Эки кыз Түп районунун Михайловка айылында Жыргалаң суусуна 18-майда түшүп кеткен. Аталган министрликтин адистери аларды ошондон бери издеп жаткан.

Расмий маалыматка ылайык, 2023-жылы Кыргызстанда 95 адам сууга агып же чөгүп каза болгон, анын ичинен 36сы балдар. (SE)

Дагы караңыз

Январь окуясы: Рузахуновдун иши боюнча Алматынын полиция кызматкери кармалды Ноокатта 41 гектар жер мамлекетке кайтарылдыЖогорку Кеңеш киберкылмыштардын алдын алуу мыйзамын кабыл алды