"Маданият эки элге көпүрө болот". Комузга кызыккан чет элдик студенттер

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

ОшМУда окуп жаткан чет элдик студенттердин арасында кыргыз маданиятын жана каада-салтына кызыгып, үйрөнгөндөр да бар. Индиядан келген медицина факультетинин студенттери Мариям менен Жеймс Кыргызстанда билим менен кошо өнөр үйрөнүп жатышат.

Алар жергиликтүү эл чет элдиктерге кыргыз тилинде эмес. орус тилинде кайрылганына таң калганын жашырышпайт. Кыргыз тилин үйрөнүү кыйын болгонун да айтып беришти.