Бодибилдинг менен жашоосун өзгөрткөндөр

Үч баланын энеси Дарья Исмаилова бир жылда 17 килограммга арыктаган. Ал "трансформация" сынагында экинчи орунду ээледи. 

"Башында залга келгенде аябай депрессияда болчумун. Күзгүдөн караганда өзүмдүн денем, өзүмө такыр жакчу эмес. Анан арыктоону максат кылдым. Ошол кыялымды ишке ашыруу үчүн бир жылдай тынбай машыгып, туура тамактандым. Азыр өзүмө абдан канааттанам. Кыздарга айтаарым: максат койдуңарбы, эч нерседен коркпой ага жеткенге аракет кылгыла. Менин уулум быйыл 11-классты аяктады. Жеңишимди уулума арнайм", - деди Дарья Исмаилова. 

Кыз-келиндер арасындагы "трансформация" сынагына жалпы 15 кыз катышты. Алардын айрымдары бир жылда 50-60 килограммга арыкташкан. 

Ал эми Наиля Воронкова (сүрөттө солдо) беш айда 18 килограммга арыктаган. Ал мелдештин жеңүүчүсү болду. 

"Беш айга жетпеген аралыкта 18 килограммга арыктай алдым. Азыр менин салмагым 52 килограмм. Залга барып баштаганда салмагым 70 килограммдан ашык болчу. Стресс абалында элем. Ар кандай ыкмаларды жасап, бирок эч арыктай албай койдум. Күзгүдөн караганда өзүмө такыр жакчу эмесмин. Курсагым чыккан, басканда кадимкидей энтигип чыкчымун. Азыр өзүмдү кайрадан сүйүп турам. Өзүмдү өтө жеңил сезем", - деди ал. 

"Сынакты арыктоону максат кылып жүргөн адамдарга шык берсин деп, быйыл биринчи жолу өткөрүп атабыз. Муну менен биз жарандарды спортко чакыргыбыз келет" - деди Кыргызстандын бодибилдинг федерациясынын вице-президенти Айбек Маратов. 

Шер Молдошев 27 жашта. Кесиби боюнча ашпозчу. Ал эки жыл мурун бодибилдинг менен алектенип баштаган. 

"Аябай арык, кичинекей элем. Салмагым да аз эле. Ютубдан, интернеттен ар кандай видеолорду көрүп, бодибилдингге кызыгып калдым. Өзүмө максат койдум. Тынымсыз машыгуулардын арты менен азыр ушундай даражага жетип отурам. Өзүм Москвадагы ресторандардын биринде башкы ашпозчу болуп иштейм. Жумушум өзүмө абдан жагат. Залга барып машыгам. Азыр машыктыруучу да болуп иштеп жатам", - деди ал мелдеш алдында. 

Мелдешке Кыргызстандан жана Казакстандан 100гө жакын кыз-келиндер жана эркектер катышты. 

Бодибилдинг же культуризм кымбат спорттун катарына кирет. Атлеттер туура тамактанып, курамында белок бар протеин ичип, оор чоюн темирлерди көтөрүү менен булчуңдарын чоңойтуп машыгышат. 

Дүйнөдө бодибилдинг боюнча мелдештер 1960-жылдан бери өткөрүлүп келет.

Кыргызстанда спорттун бул түрү боюнча мелдештер 1989-жылдан бери уюштурулуп турат. 

Баяз Арстаналиев (сүрөттө ортодо) "Менс физик юниор" категориясында жеңүүчү болду. Бир жылда ал бир топ салмак кошуп, булчуңдарын чоңойто алган. 

"Биринчи залга келгенде 52 килограмм элем. Андан кийин салмагымды машыгуулардын жана туура тамактануунун жардамы менен 82 килограммга көтөрө алдым. Азыр салмак таштап, 70 килограммга түштүм. Бодибилдинг - өзүн өзгөрткүсү келгендердин спорту. Оорчулугу көп. Тынымсыз машыгып тим болбостон туура тамактанышың керек. Элестетсеңиз тузу жок тамак жешиң керек. Анткени туз организмдеги сууну кармап калат. Болгону тооктун этин сууга бышырып, бадыраң гана жейсиң. Анын дагы даамы жок.  Башында көнө албай, өтө кыйналдым. Сарсанаа болуп, түнү уктабай чыккан учурларым болду. Эч нерсе ичкенге, жегенге болбойт. Анысы аз келгенсип бир-эки ай тооктун этин гана жейсиң. Буга көпчүлүк эле чыдай бербейт. Бирок акырында өзүңө абдан ыраазы болосуң. Азыр мен каалагандай келбетим бар", - деди ал.

Мелдеш фитнес-акробатик, бодибилдинг, менс физик, велнес, фитмодель, бодифитнес, вуменс физик өңдүү бир нече категориялар менен өттү. 

Бодибилдинг менен Кыргызстанда 1000ден ашык киши алектенет.