Папуа-Жаңы Гвинеяда жер көчкү 700дөй кишинин өмүрүн алды

Жергиликтүү тургундар жер көчкүнүн алдынан жакындарын издеп жатышат. 26-май, 2024-жыл. Папуа-Жаңы Гвинея.

Папуа-Жаңы Гвинеяда жер көчкүдөн набыт болгондордун саны 670ке жетти. Бул тууралуу Бириккен Улуттар Уюмунун Эл аралык миграция агенттигинин жергиликтүү өкүлү 26-майда билдирди. Серхан Актопрактын айтымында, жер көчкү бери дегенде 150дөй турак жайды басып калган.

"Кырдаал аябай оор. Жер көчкүнүн жүрүшү токтогон жок. Жаан жаап атат. Мунун баары куткаруучуларга тоскоолдук жаратууда",- деди Актопрак.

Маалыматка караганда, окуя Каокалам айылында 23-майга караган түнкү саат үчтө болгон. Жеринде куткаруучулар иштеп, аман калгандарды издөөнү улантып жатышат.

Папуа-Жаңы Гвинея Тынч океанынын түштүк-батыш тарабында, Австралияга жакын жайгашкан мамлекет. Калкынын саны жети миллиондон ашат. Конститутциялык монархия катары эсептелип, Британ падышалыгына карайт.

Дагы караңыз

Зеленский дүйнө лидерлерин Тынчтык саммитине чакырдыХарьковдогу чабуулда набыт болгондордун саны 14кө жеттиУКМК: Ташиевдин атын атап алдамчылык кылган жаран кармалды