Орусияда атайын араба же протездер үчүн кезекке турган бир же эки бутунан ажырагандардын саны болуп көрбөгөндөй өстү.
Бул тууралуу "Вёрстка" басылмасы Социалдык камсыздандыруу фондунун маалыматтарын анализдөө менен жазды.
Маалыматка ылайык, 2023-жылдын соңунда атайын араба, отургуч жана протездерге муктаж 446 миң адам каттоодо турган. 2012-жылдын бери жүргүзүлүп келаткан статистикага караганда, 2022-жылга чейин кезекке турган майыптардын саны жыл сайын жети пайызга өссө, былтыр 43% жогорулаган.
2023-жылы ошондой эле 18ден 30 жашка чейинки эркектер арасында майыптыгы барлардын саны рекорддук көрсөткүчкө жетип, 290 миң кишиге жеткен. Адистердин айтымында эркектер арасындагы мындай статистика Украинадагы согушка байланыштуу.
Ал эми Украинада Орусия ири масштабдагы согуш ачкан 2022-жылдын башынан бери майыптардын саны 300 миңге жеткенин Социалдык саясат министрлиги билдирди.
Дагы караңыз
Кыргызстанда ак кунаска биринчи жолу санак жүрүүдөБУУ соту Израилди Рафахка кол салууну токтотууга милдеттендирди Орусияда сегиз мигранттын өлүмүнө байланыштуу Өзбекстандын жараны кармалды