Ур-токмоктон каза болгон Айкыздын күйөөсүнө сот чечими чыкты

Маркум Айкыз Калмурза кызы

23 жашында күйөөсүнүн ур-токмогунан каза тапкан Айкыздын иши боюнча Кадамжай райондук сотунун 22-майда өкүмү чыгып, маркумдун жолдошу 13 жылга эркинен ажыратылды.

Баткен облустук сотунан билдиргендей, А. уулу Ж. Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси менен күнөлүү деп табылып, 13 жылга эркинен ажыратылды. Ага 30 миң сом айып пул салынды жана жабырлануучунун мыйзамдуу өкүлүнө 100 миң сом моралдык зыян өндүрүлдү.

Маркумдун жакындары "Азаттыкка" кайрылып, жаза жеңил болгондуктан, облустук сотко кайрылышарын айтышты. Соттук кароо 12-апрелде башталган.

Ушул жылы 2-январда Кадамжай районунун Масалиев айыл аймагында 23 жаштагы биринчи топтогу майыптыгы бар келин күйөөсүнүн ур-токмогунан каза тапкан.

Милициянын маалыматында айтылгандай, аны күйөөсү көчөдө муунтуп өлтүргөн. Маркум Айкыз Калмурза кызы былтыр жайында күйөөсүнөн таяк жеп, 10 күн ооруканага түшкөнүн жакындары “Азаттыкка” билдирген. Баткен облустук милициясы былтыркы зомбулук окуясы боюнча арыз Кадамжай райондук милициясында катталып, бирок кылмыш иши козголбогонун ырастаган. Келиндин өлүмү боюнча Кылмыш-жаза кодексинин “Адам өлтүрүү” беренеси менен иш козголуп, күйөөсү кармалган. Маркумдун артында алты жана үч жаштагы кыздары калган.

Соңку учурда өлкөдө аялдарга жана балдарга жасалган үрөй учурган зомбулук фактылары катталууда. Ички иштер министрлигинин маалыматы боюнча, беш айда үй-бүлөдөгү зомбулук фактысына байланыштуу 5153 учур катталды. 4400дөн ашуун коргоо ордери берилди. 500дөй киши коомдук жумуштарга тартылып, 350сү камакка алынган.

Былтыр бир жылда 13104 зомбулук фактысы катталган. Бул 2022-жылга салыштырмалуу 32,6% көп.

Ушул күндөрү Бишкекте БУУнун Баңгизаттар жана кылмыштуулук боюнча башкармалыгы жана АКШ элчилигинин колдоосунда Эмгек, социалдык өнүктүрүү жана миграция министрлигинин алдында зомбулукка кабылган кыз-келиндерге сапаттуу жардам көрсөтүү максатында бирдиктүү терезе принцибиндеги борбор ачылды. Бул жерде оор кырдаалга дуушар болгон аялдар укуктук, медициналык, психологиялык жардам алышат. Зарыл болсо соттук-медициналык кароодон өткөрүлөт. (JsA)

Дагы караңыз

Тоолуу Бадахшанда ондогон кишилер кармалганы кабарланды Зеленский Путиндин анын легитимдүүлүгү тууралуу айтканына жооп берди Акылбек Жапаров Ашхабадда Түркмөнстандын президенти менен жолукту