Тилчи - түрколог Четин Жумагулов дүйнө салды

Четин Жумагулов.

Тилчи-түрколог, филология илимдеринин кандидаты, Кыргызстандын илим жана техника жаатында мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты Четин Жумагулов 23-майда 87 жашында дүйнө салды. Бул тууралуу “Азаттыкка” жаш түрколог Нурдин Усеев билдирди.

Четин Жумагулов 1937-жылы Чүй облусунун Четинди айылында туулган.

Анын илимий ишинин негизги багыты Кыргызстандагы эпиграфикалык эстеликтерди изилдөө болгон. Кыргызстандын аймагындагы эски доорлордон калган жазуу эстеликтерин (рун, уйгур, несториан, араб, тибет, калмак жана башка) изилдеп, илимий чөйрөдө бир катар жаңы эстеликтерди ачкан.

Четин Жумагулов 300дөй илимий эмгектин автору жана алар чет тилдерге да которулган. Орус, казак тилинен бир нече көркөм чыгармаларды кыргызчага оодарган. (BTo)

Дагы караңыз

ИИМге 18-майдагы тополоңго байланыштуу 266 маалымат түштүЖетигендин кыйноого кабылганы тууралуу арызын иликтөө уланууда"Мекен-карт" макамын 118 киши алдыИИМ Таласта үч адамдын өлүмүнө шектүү жок кылынганын билдирдиТаласта 27 жаштагы келин кызы жана баласы менен киши колдуу болду 23-май: Бишкекте башаламандыкта жети жайга кол салуу болгон, Иранда президент Раисинин тажиясы өттү