Ички иштер министрлигинин (ИИМ) басма сөз кызматы 24-майга караган түнү Талас облусунун Айтматов районунун Ак-Башат айылында 27 жаштагы келин жана анын төрт жаштагы кызы менен эки жаштагы уулу киши колдуу болгонун билдирди.
Бул факты Айтматов райондук ички иштер бөлүмүнүн кылмыштардын бирдиктүү реестрине Кылмыш-жаза кодексинин “Адам өлтүрүү” беренеси менен катталып, кылмыш иши козголду.
Маркумдун үйүнөн сайсыз ок атуучу курал жана балта далил катары алынган. Тергөө-ыкчам аракетинин жүргүзүү учурунда шектүү катары, буга чейин соттолгон, Талас облусунун Айтматов районунун Ак-Башат айылынын 48 жаштагы тургунуна издөө жарыяланды. Ички иштер органдарына багыттамалар жиберилип, Кыргызстандан чыгып кетишине бөгөт коюлду.
Кылмыш иши боюнча соттук-медициналык, соттук-биологиялык, соттук-баллистикалык жана соттук-криминалистикалык экспертизалар дайындалды. Ушул тапта Талас облустук милициясынын жана Айтматов райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери шектүүнү издеп жатат. (BTo)
Дагы караңыз
БУУ Сребреницадагы геноцид тууралуу резолюцияны жактырды «Бир дүйнө-Кыргызстан»: Бейөкмөт уюмдар боюнча Жободо мыйзам чегинен чыккан пункт бар Жаза аткаруу кызматы: Аскат Жетиген тергөө абагында кыйноого кабылган жок23-май: Бишкекте башаламандыкта жети жайга кол салуу болгон, Иранда президент Раисинин тажиясы өттүУлуттук борбор: Жетигендин кыйноого кабылганы боюнча Аскер прокуратурасы тергеп жататИран президенти Раисинин сөөгү кичи мекенинде жерге берилди