Кыргызстанда педофилдерге жаза күчөтүлдү. Президент Садыр Жапаров кол койгон Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүү киргизүү боюнча мыйзам “Эркин-Тоо” гезитинин 21-майдагы санына жарыяланды. Документти Жогорку Кеңеш 11-апрелде кабыл алган.
Азыркы Кылмыш-жаза кодексинин 68-беренесинин 2-бөлүгүндө аялдар, 18 жашка чейинки куракта кылмыш жасагандар, кылмыш жасаган учурда 60 жашка чыккан эркектер өмүр бою эркинен ажыратылбай турганы жазылган.
Өзгөртүлгөн мыйзамга ылайык, эми педофилияга айыпталгандар канча жашта экенине карабай өмүр бою да эркинен ажыратылышы мүмкүн.
Андан тышкары Кылмыш-жаза процессуалдык кодексине да түзөтүүлөр киргизилип, сотто балага сексуалдык ыдык көрсөткөндөрдүн күнөөсү далилденсе жазасыз калтырылбай турган болду. (BTo)
Дагы караңыз
Кыргызстанда пенсия курагы өзгөрүүсүз калды Аскат Жетиген УКМКнын шаардык бөлүмүндө кыйноого кабылганын билдирдиЗеленский авиабомба Орусиянын негизги куралына айланганын айтты1-октябрдан тартып пенсиянын камсыздандыруу бөлүгү 18% көбөйөт Көлбаевдин туугандары “адам уурдоого” шек саналып кармалдыАкылбек Жапаров жакырчылык менен күрөш жүрүп жатканын айтты Прокуратура Махабат Тажибек кызынын арызы боюнча иш козгоодон баш тартты