Таласта 15 жаштагы кыз кош бойлуу экени аныкталып, иш козголду

Иллюстрациялык сүрөт.

Талас облусунун Чыңгыз Айтматов районунда 15 жаштагы кыз кош бойлуу экени аныкталды. Бул тууралуу “Азаттыкка” облустук милициянын басма сөз кызматы 23-майда билдирди.

Маалыматка караганда, өспүрүмдүн боюнда бар экенин милицияга мектептин мугалимдери кабарлаган. Ошондой эле кыздын апасы да милицияга арыз менен кайрылган.

Текшерүүнүн жүрүшүндө кыздын 26 жумалык боюнда бар экени такталып, Кылмыш-жаза кодексинин “Зордуктоо” беренеси менен кылмыш иши козголгон. Бул факты боюнча Айтматов районунун 31 жаштагы тургуну шек саналып кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Ушул тапта тергөө иштери жүрүп жатат. (MKt)

Дагы караңыз

Дзюдочу Эрлан Шеров дүйнө чемпионатынан коло медал утуп, олимпиадага жолдомо алдыЫсык-Көлдө жол кырсыгынан үч окуучу мүрт кетти“Клооп” Жогорку сотко кассациялык арыз менен кайрылдыБУУнун Кыргызстан жөнүндө баяндамасы боюнча талкуу өттүРаиси менен коштошуу зыйнатына Кыргызстандан Бакыт Төрөбаев катышты  Ысык-Көлдө мыйзамсыз иштеп жүргөн 131 чет элдик жаранга айып салынды“Камбар-Ата-1” ГЭСин курууга даярдык иштери быйыл бүтөрү айтылды