Ысык-Көлдө жол кырсыгынан үч окуучу мүрт кетти

Иллюстрациялык сүрөт.

Ысык-Көл районунун Кызыл-Өрүк айылында болгон автокырсыктан үч мектеп окуучусу мүрт кетти. Бул тууралуу маалыматты “Азаттыкка” облустук жол коопсуздугун камсыздоо бөлүмү ырастады.

Ага ылайык, 23-майга караган түнү үч окуучу түнкү саат 01:00 чамасында “Mercedes-Benz” үлгүсүндөгү машина менен Кызыл-Өрүк айылында баратып, айдоочу “Улан” эс алуу жайынын бурулушунан рулга ээ боло албай автоунаа жолдон чыгып кеткен. Машина аласалып, үч бала тең мүрт кеткен. Ушул тапта териштирүү иштери жүрүүдө.

Кызыл-Өрүк айылынын тургундары билдиргендей, балдар 12 жана 14 жашта болушкан. Алардын кимиси рулго отурганы белгисиз. Окуучулардын бири түн ичинде таятасынын автоунаасын айдап чыкканы айтылууда.

Расмий маалыматка ылайык, 2024-жылдын 1-январынан 17-мартына чейин Кыргызстанда 1 173 жол кырсыгы катталып, 82 адам каза болуп, 1 673 киши жаракат алган.

Өлкөдө 2023-жылы 6 945 жол кырсыгы катталып, андан 783 адам каза болгон. Көз жумгандардын саны 2022-жылга салыштырганда 13,5% көп. 2022-жылы 7 040 жол кырсыгынан 11 миң 49 киши жаракат алып, 690 адам жашоо менен кош айтышкан. (AsK)

Дагы караңыз

Дзюдочу Эрлан Шеров дүйнө чемпионатынан коло медал утуп, олимпиадага жолдомо алды“Клооп” Жогорку сотко кассациялык арыз менен кайрылдыБУУнун Кыргызстан жөнүндө баяндамасы боюнча талкуу өттүРаиси менен коштошуу зыйнатына Кыргызстандан Бакыт Төрөбаев катышты  Ысык-Көлдө мыйзамсыз иштеп жүргөн 131 чет элдик жаранга айып салынды“Камбар-Ата-1” ГЭСин курууга даярдык иштери быйыл бүтөрү айтылды22-май: Бишкектеги тополоң боюнча 10 киши кармалды, Орусияда никабга тыюу салуу сунушталды