Президент криминалга каршы күрөш улантыларын кайталады

Садыр Жапаров.

Президент Садыр Жапаров 22-майда Бишкекте өткөн “Жаңы кадам” социалдык мобилизициялоо боюнча жалпы республикалык кеңешмеде сөз сүйлөп жатып ишкерлерге шарт түзүүдө ашыкча текшерүүлөр кыскарып, аларга басым көрсөткөн уюшкан кылмыштуу топко каршы күрөш улантыларын билдирди.

“Бандиттер тарабынан ар кандай опузалап акча талап кылуу аракеттери дароо мыйзам чегинде тескелет, тергелет, жазаланат. Жеке ишкерлерди эле эмес, кайсы бир адамды коркутуп-үркүтүп, акча талап кылгандар дагы мыйзам чегинде эң катуу жазага тартыларын дагы бир жолу эскерте кетейин”, - деди президент.

Өлкө жетекчилери уюшкан кылмыштуу топко каршы күрөш жүрүп жатканын айтып келет. Кыргызстанда “кримчөйрөнүн анабашы” аталган Камчы Көлбаев былтыр 4-октябрда Бишкекте УКМКнын атайын операциясы маалында өлтүрүлгөн.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев 2023-жылы 2-ноябрда Райымбек Матраимов менен Камчы Көлбаевди “Кыргызстанда мафия түзгөн” деп айыптаган.

Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов жана анын бир туугандары Тилек, Руслан, Исламбек Матраимовдор 25-мартта Азербайжандын атайын кызматы менен биргеликте Баку шаарында кармалып, 26-мартта Бишкекке алып келинген.

Райымбек Матраимовго Кылмыш-жаза кодексинин “Эркиндигинен мыйзамсыз ажыратуу” жана “Кылмыштуу жол менен алынган кирешелерди мыйзамдаштыруу/адалдоо” беренелери менен кылмыш иши козголуп, тергөө жүрүп жатат.

27-мартта Бишкектин Биринчи май райондук сотунда ага Кылмыш-жаза кодексинин “Мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү” беренеси менен да кине коюлган. Райондук сот аны 26-апрелге чейин УКМКнын убактылуу кармоочу жайына камакка алган. (TSh)

Дагы караңыз

Өкмөт чет элдиктерге кол көтөргөндөрдү тарбиялай турганын айтты