Улуттук банк валюта базарынан дагы 31 миллион 500 миң доллар сатып алды

Иллюстрациялык сүрөт.

Улуттук банк 21-майда валюта базарынан дагы 31 миллион 500 миң доллар сатып алды. Бул маалымат банктын расмий сайтына жарыяланды.

Ушуну менен өлкөнүн негизги банкы жыл башынан бери валюта рыногунан 122 миллион 800 миң доллар сатып алды.

Ушул тапта доллардын расмий курсу 88 сом 15 тыйын болууда. Коммерциялык банктар менен менчик акча алмаштыруу жайларында бир доллар 88 сомдон сатып алынып, 88 сом 80 тыйындан сатылууда.

Интервенция доллардын курсу кескин көтөрүлүп же түшүп кеткенде жасалат. (BTo)

Дагы караңыз

Кыргызстан жана Пакистан министрлери Бишкектеги окуяны талкуулаштыДагы 150 пакистандык студент мекенине кайтты21-май: Дүйшөбаев тилкат менен абактан чыкты, Пакистандын тышкы иштер министри Бишкекке келдиОрусия 77 жаштагы окумуштуусун чыккынчылыкка айыптап соттоду