Гаага соту: Израилдин премьерин, ХАМАСтын лидерлерин камоо өтүнүчү

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Гаагадагы Эл аралык кылмыш сотунун прокурору Карим Хан Израилдин өкмөт башчысын, коргоо министрин жана ХАМАС радикал тобунун үч лидерин Газадагы кылмыштар үчүн айыптап, аларды камоого ордер чыгарып берүүнү өтүндү. Премьер Нетаньяху прокурордун билдирүүсүн "акылга сыйбайт" деп, Израил бийлигин террорчулар менен бир тепкичке коюу аракети сыңары сындады. Франция, Белгия прокурордун кадамын колдосо, расмий Вашингтон айыптады.