Иран: Раиси менен коштошуу зыйнаты башталды, жаңы шайлоо 28-июнга белгиленди

Иран.

Иранда тик учак кырсыгында каза болгон Эбрахим Раиси каза болгондон кийин президенттик шайлоо 28-июнга белгиленди. Бүгүн 21-майда өлкөнүн Чыгыш Азербайжан провинциясынын борбору Тебриз шаарында кырсыкта каза болгон жетекчилер менен коштошуу зыйнаты башталды.

Аза күтүү иш-чаралары бардык шаарларда, негизгиси 22-майда борбор калаа Тегеранда Ирандын жогорку лидери аятолла Али Хаменеинин катышуусунда өтөрү маалымдалды.

Маркумдардын сөөгүн жерге берүү 23-майга белгиленди.

20-майда Иранда беш күндүк аза күтүү жарыяланып, биринчи вице-президент Мохаммад Мохбер президенттин милдетин аткаруучу болуп дайындалган.

Иранды 2021-жылдан бери башкарып келген Эбрахим Раиси 19-майда тик учак кырсыгында каза болгон. Раиси жана Ирандын тышкы иштер министри Хосейн Амир Абдоллахиян, Чыгыш Азербайжан провинциясынын губернатору Малик Рахмати, аятолла Мохаммед Али Але-Хашем, президенттик күзөт кызматынын өкүлдөрү, жалпысынан сегиз киши бараткан тик учак Азербайжан менен чек арадан кайтып келатып байланышка чыкпай калган. Тик учактын кыйроосунан аман калгандар жок экени 20-майда расмий кабарланган. (RK)

Дагы караңыз

Кыйноого каршы борбор жетекчиси майыптыгы бар адамдарга мөөнөтү өткөн дарылар берилерин айттыИранда жаңы президент шайланды. Тегеранда эмне өзгөрөт?Милиция кызматкерлери кыйноого алганына даттануулар көпСвердлов округунан эки киши талапкер болуу ниетин билдирди