Грузия: "Чет элдик агент» мыйзамына коюлган вето комитеттин кароосуна жөнөтүлдү

Шалва Папуашвили.

Грузияда «чет элдик агент» мыйзамына коюлган вето парламенттин юридика маселелери боюнча комитетинин кароосуна жөнөтүлгөнүн бүгүн 20-майда «Азаттык» радиосунун грузин кызматы жазды. Мындай чечим парламенттик бюронун отурумунда кабыл алынды.

Маселе комитетте качан каралары азырынча белгисиз. Бул аптанын күн тартибине кире элек.

Парламент төрагасы Шалва Папуашвили президенттин ветосу келерки апта ичиндеги пленардык жыйындардын биринде караларын айтты. Депутаттар ветону ашып өтүшөрүн ал буга чейин билдирген.

АКШ, Европа Биримдиги жана эл аралык укук коргоо уюмдары "чет элдик өкүл" мыйзамын Орусия президенти Владимир Путин эркин ойлонгон жарандарды жана көз каранды эмес институттарды басуу үчүн колдонуп жатат деп сындап, айыптаган. Дал ушул мыйзамдын көчүрмөсү делген долбоор Грузияда 14-майда парламентте көпчүлүк добуш менен кабыл алынган.

Грузиянын президенти Саломе Зурабишвили парламент кабыл алган мыйзам долбооруна 18 майда вето койду жана бул мыйзам Конституцияга, Европа стандарттарына карама-каршы келерин, Орусиядан көчүрүлгөндүктөн, артка кайтарылышы керектигин белгиледи. (RK)

Дагы караңыз

Москвада мигранттардын жатаканасында өрт чыкты Бишкектеги окуя: Пакистандагы ата-энелердин акциясы, президенттин билдирүүсү"Чет элдик студенттер бюджетке салым кошууда" Чет өлкөлүктөрдүн сабалышы: Кыргызстан канчалык коопсуз?