Кыргыз-пакистан тышкы иштер министрлери Бишкектеги окуяны талкуулады

Жээнбек Кулубаевдин жана Мохаммад Исхак Дар. Коллаж сүрөт.

Бишкекте Пакистандын жарандарына байланыштуу болгон окуя Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаевдин Пакистандын премьер-министринин орун басары жана башкы дипломаты Мохаммад Исхак Дар менен телефон аркылуу сүйлөшүүсүндө талкууланганын 19-майда Кыргызстандын тышкы саясий мекемеси билдирди.

Маалыматта айтылгандай, Кулубаев окуя тууралуу айтып берип, учурда коомдук тартип толук камсыздалганын, кырдаал Кыргызстандын тийиштүү органдарынын көзөмөлүндө экенин баса белгиледи жана чет элдик, анын ичинде Пакистандын аймагындагы жалпыга маалымдоо каражаттарында, социалдык түйүндөрдө фейк жана жалган маалымат тарап жатканына олуттуу тынчсыздануусун билдирди.

Буга байланыштуу министр ишенимдүү кабарларды колдонуунун жана Пакистандын маалымат мейкиндигинде эки өлкөнүн ортосундагы мамилеге зыян келтире турган жалган сөздөргө, кабарларга бөгөт коюу боюнча тийиштүү иштерди жүргүзүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

Пакистандын тышкы иштер министри кырдаалды толук түшүнүп жатканын айтып, кыргыз өкмөтүнө пакистандык студенттердин коопсуздугун камсыз кылуу боюнча натыйжалуу чара көрүп жатканы үчүн ыраазычылыгын, активдүү кызматташууга даяр экенин билдирди.

Мындан ары маалымат алмашуу жана эки мамлекет ортосундагы алаканы өнүктүрүү маселелерин талкуулоо максатында министрлер 21-майда Казакстандын борбору Астана шаарында Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) саммити алкагында да жолугушуу өткөрүүнү макулдашышты.

17-майда социалдык түйүндөрдө "чет элдиктер аралашкан" деген бир нече адамдын мушташы тартылган видео тарап, айрым колдонуучулар сабалгандар Кыргызстандын жарандары экенин жазышкан. Ошол видеодон кийин, 18-майга караган түнү Бишкектин чыгыш тарабындагы көчөлөрдүн биринде адамдар топтолуп, башаламандык катталган.

Ички иштер министрлиги (ИИМ) түнкүсүн калаада чогулгандар 700гө чейин жеткенин, таңга жуук баары тарап кеткенин билдирген.

Бишкек шаардык милициясы Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренеси (Массалык башаламандык) жана 330-беренеси (Расалык, этностук, улуттук, диний же региондор аралык кастыкты козутуу) менен иш козголгонун, чет элдиктер жашаган жатаканага кирип барып күч колдонгон төрт жергиликтүү тургун аныкталганын, алардын экөө жана чет өлкөлүк төрт жаран да кармалганын маалымдаган.

Кыргыз өкмөтү 18-майга караган түнү Бишкекте болгон башаламандыкта жалпысынан 29 киши жабыркаганын, алардын 15и ооруканага жеткирилгенин кабарлаган.

Соңку расмий маалыматка караганда, жараат алган чет элдик жарандардын үчөө ооруканада, алардын абалы туруктуу.

18-майдын кечинде Пакистандын 180 жаранын (алардын 140ы студенттер) салып Бишкектен чыккан учак Лахор шаарына жетти. Арасында башаламандыкта жараат алгандар да бар. Пакистандын Кыргызстандагы элчилиги тополоңдо 14 жараны жабыркаганын билдирди. (RK)

Дагы караңыз

Ошто селден улам өзгөчө кырдаал жарыяланды Украина: Беш киши каза болду, Зеленский Харьковдо абал көзөмөлдө, бирок турукташа электигин айтты Түркиянын Изник шаарында кыргыз жоокерлери эскерилдиБишкектеги чет элдиктер: "Биз чындап коркуп калдык"