“Биз адам эмеспизби?” Актөбөнүн тургундары бийликке нааразы

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Казакстандын Актөбө облусундагы үй-жайларын суу каптаган тургундар бийликке нааразы. Алар 15-майда Актөбө акимчилигине келип, облус жетекчилиги менен жолугушууну талап кылышты. Тургундар "үйүбүздү суу каптаганына бир жарым ай болду, бирок чыгымды кантип жабууну билбей жатабыз" дешет. Полиция аларды акимчиликке киргизбей койду. Калаа башчысы митингчилердин талабын уккан жок.