АКШ Газага гумжардам жеткирилүүчү пирс курулуп бүткөнүн маалымдады

АКШ куруп жаткан пирс.

АКШнын Жер ортолук деңиз жээгине Газага гуманитардык жардам жеткирүү үчүн эки айдан бери жүргүзүп келген пирс куруу иштери аяктаганын бүгүн 16-майда The Associated Press (AP) агенттиги маалымдады.

Агенттик билдиргендей, Кошмо Штаттардын тийиштүү расмий кызматтары гумжардам уюштурууга камданууда.

Суу үстүндөгү атайын пирсти америкалык аскер кызматкерлери курушту.

Газа анклавы Жер ортолук деңиздин жээгинде жайгашкан. АКШ ал жакка гуманитардык жүк жеткирүү үчүн сектордун түндүк жээгинен бир нече чакырым аралыкта убактылуу пирс кура баштаган. Курулуш иштерине 1 миңге жакын америкалык аскер тартылганы, пирс бир күндө оор жүк ташуучу 90 машинаны кабыл алууга жөндөмдүү болору, кийин машиналардын санын 150гө жеткирүү каралып жатканы маалымдалган.

Газа элине деген гумжардам алгач Кипрге топтолуп, кемеге жүктөлөт, андан ары портко жеткирилип, көмөкчү кемелер менен атайын курулган пирске барат. Ошол жактан машине менен Газага ташылып кетет.

Газа секторун ХАМАС (АКШда жана Европа Биримдигинде террордук деп жарыяланган) көзөмөлдөйт. Бул анклавда Израил армиясы былтыр октябрдан бери аскердик операция жүргүзүүдө, негизги максаты ХАМАСты жок кылуу экенин билдирүүдө. Операцияны баштоого 2023-жылдын 7-октябрында Израилге жасалган кол салуу негиз болгон. Бул күнү куралчан адамдар тобу 1200дөй кишини өлтүрүп, 250 кишини барымтага алып кеткен, кийин алардын бир бөлүгү бошотулган, айрымдары каза болгону кабарланган.

Газада ХАМАС менен Израил армиясынын согушунун кесепетинен дээрлик жети айдан бери бул сектордо жашаган палестиндердин 35 миңден ашууну каза болгонун анклавдын ХАМАС көзөмөлдөгөн саламаттык сактоо мекемеси билдирүүдө.

АКШ, Египет, Катар өлкөлөрү согушту токтотуу үчүн ортомчулук кылып, сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө, бирок натыйжа боло элек. Газада гуманитардык абал курчуп турганын эл аралык укук коргоо уюмдары айтууда. (RK)

Дагы караңыз

Уран, торийди иштетүү аракети: Мыйзам долбоору парламентке түштүАКШ Газадагы аскерлерине коркунуч жок экенин билдирдиКазакстан: Конституциялык сот мектептеги хижаб маселесин кароодон баш тарттыЖазуучуга жаза: Саясий жана чыгармачыл эркиндик