Казакстан: Конституциялык сот мектептеги хижаб маселесин кароодон баш тартты

Казакстан. Архивдик сүрөт.

Казакстандын Конституциялык соту окуучу кыздардын мектепке хижаб кийүүсү мыйзамсыз деп таанылган буйрукка каршы арыз боюнча өтүнүчтү кабыл алып кароодон баш тартты. Бул тууралуу 16-майда «Азаттыктын» казак кызматы билдирди.

Башына ак хижаб кийген кыздарын сабакка киргизбей жатышканын айткан ата-энелер Караганда облусунун адистештирилген административдик сотуна кайрылышкан. Алар Билим берүү министрлигинин «Милдеттүү мектеп формасы боюнча талаптарды бекитүү жөнүндө» буйругунун 13-пунктун Конституцияга каршы келет деп таанууну өтүнүшкөн. Бул пунктта «Мектеп формасына ар кандай конфессиялардын кийиминин элементтерин аралаштырууга жол берилбейт» деп жазылган.

Карагандадагы сот Конституциялык сотко кайрылган. Конституциялык сот эгер маселе соттордун же башка мамлекеттик органдардын компетенциясында болсо аны кароодон карманарын белгилеп, административдик сот «буйрук чыгарган мамлекеттик органдын жайгашкан жерин жана анын жарыяланган булагын көрсөткөн эмес» деп билдирди.

Ата-энелер жана жактоочулар Конституциялык соттун мындай түшүндүрмөсүн «маселени кароону каалабагандыгы» деп атап жатышат.

— Конституциялык сот бул маселени чечип берет деген бир аз үмүтүбүз бар болчу, бирок ал жоопкерчиликти башка сотторго калтырып койду. Бул жерде маселе негизинен билим алуу укугуна жана анын бузулушуна тиешелүү болуп жатат. Бирок азыр бардык жоопкерчилик административдик сотко жүктөлдү, — дейт укук коргоочу Жаслан Айтмаганбетов.

Жалпысынан Казакстандын сот органдарында хижаб кийген окуучу кыздардын билим алуу укугуна байланыштуу мектепкерге каршы жазылган 13 арыз каралууда – Караганда облусунда 10 жана Алматы, Павлодар, Түркистан облустарында бирден арыз. Аларды кароо Конституциялык соттун чечими чыкканга чейин убактылуу токтотулган болчу.

Кыздары мектепке киргизилбей жаткан ата-энелер диний кийим деп хижаб, никаб жана паранжа аталарын, алардын кыздары башына ак жоолук гана ороп аларын, муну диний кийим деп атоо туура эмес экенин айтып жатышат.

Билим берүү мекемеси ал да хижабдын бир түрү деген жүйөнү келтирүүдө. (RK)

Дагы караңыз

Бишкекте ЖРТга байланыштуу айрым мектептер онлайн окутууга өтөтКызыл-Омпол: Парламент уран казууга уруксат берген мыйзамды карайтКитеби жок таанылган акын Путин Кытайга таянабы?