Министр Ажыкеев июндун ортосуна чейин сел коркунучу сакталарын билдирди

Сел баскан аймакты тазалоо. Майлы-Суу, Жалал-Абад облусу. 12-май, 2024-жыл.

Кыргызстанда сел коркунучу июнь айынын ортосуна чейин сакталат. Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев Жогорку Кеңеште өлкө аймагында болуп жаткан табигый кырсыктардын кесепеттерин жоюу боюнча жүргүзүлүп жаткан иш- чаралар жөнүндө маалымат берип жатып билдирди. Министр алдыңкы күндөрү дагы бир аптадай жаан-чачындуу аба ырайы болорун белгиледи.

"Жакынкы күндөрү аба ырайы бүркөлүп, бир жумадай күн жаайт. Биздин божомолубуз боюнча июндун ортосуна чейин сел коркунучу сакталат", - деди Ажыкеев.

Маалыматка караганда, 20-апрелден тартып өлкө аймагында 125 өзгөчө абал катталды.

Алардын басымдуу бөлүгү Ош жана Жалал-Абад облусунда. Табигый кырсыктан бир адам каза болуп, сел 100дөн ашуун малды агызып кетти. 330дан ашуун турак үйдү сел каптап, 160тай чарбалык курулуштар, 26 социалдык объекттер зыян тартты. 121 чакырым автоунаа жана чарбалык жолдор, каналдар, ички чарбалык арыктар, 11 автоунаа жабыркап, 435 гектер айдоо аянтын сел каптады. Мындан сырткары 20 ички чараблык көпүрө жарактан чыккан. Министр селдин кесепетин аныктоо иштери уланып жатканын кошумчалады.

10-11-майда нөшөрлөп жааган жаандан улам, Жалал-Абад облусунун айрым аймактарында сел жүргөн. Дарыяларда жана сайларда суунун деңгээли көтөрүлүп, автоунаа жолдорго кум-шагыл толуп калган. ӨКМ учурда селдин кесепеттерин жоюу иштери жүрүп жатканын маалымдады. (КЕ)

Дагы караңыз

Кыргызстандын музейлеринде "Музейдеги түн" иш-чарасы өтөтКыргызстан-Малайзия биргелешкен комиссиясынын иши жандандырылат Малайзиянын премьери Бишкекте сталиндик репрессия тууралуу сүйлөдү Спикер Шакиев баштаган депутаттар тобу Венага кетти