Арменияда нааразылык акциялары уланууда, ондогон кишилер кармалды

Ереван. 2024-жылдын 13-майы.

Арменияда премьер-министр Никол Пашиняндын кызматтан кетүүсүн талап кылган акциялар уланууда. "Азаттык" радиосунун армян кызматынын 13-майдагы маалыматына караганда, бул күнү түшкө чейинки аралыкта полиция кармап кеткендердин саны 171ге жетти, кийин алардын 156сы коё берилди.

Кармалгандарга "укук тартибин коргоо органынын кызматкеринин мыйзамдуу талабына баш ийген жок" деген айып тагылганын Ички иштер министрлигине (ИИМ) таянып "Армения жаңылыктары" жазды жана полиция айрымдарына күч колдонгонун билдирди.

Ереванда нааразылык акциясы 9-майда башталган. Аны Армян Апостол чиркөөсүнүн Тавуш епархиясынын башчысы, архиепископ Баграт Галстанян баштап, элди өкмөткө баш ийбөөгө чакырган. Миңдеген кишилерди чогулткан митингде Пашиняндын өкмөтү коңшу Азербайжан менен чек арадагы талаштуу төрт айылды азери тарапка эч кандай кепилдик албастан өткөрүп берип койгону айтылган.

Армян Тышкы иштер министрлиги Ереван жана Баку Армениянын Тавуш облусу жана Азербайжандын түндүк-батышындагы Газах району ортосундагы төрт айылдын аймактык тиешелүүлүгү боюнча баштапкы макулдашууга жетишкенин расмий маалымдаган. 1990-жылдардын башынан бери бул айылдар Армениянын көзөмөлүндө болчу, эми алар Азербайжан тарапка өтүүдө.

Пашинян өзү өлкөдөгү соңку окуялар боюнча комментарий бере элек. Бирок ал чек ара боюнча мындай келишим коңшу Азербайжандын аскердик агрессиясына жол бербөө үчүн зарыл экенин мурдараак айткан болчу.

Талдоочулар азыркы митингдер Пашинян Орусия жетектеген Жамааттык коопсуздук келишим уюмунан (ЖККУ) чыгып жатканын айткандан кийин башталганына көңүл бурууда.

30-апрелде армян парламентиндеги отурумда өкмөттү колдогон депутаттар Пашиняндын отставкасын талап кылган жана элди нааразылыкка үгүттөп жүргөн 52 жаштагы архиепископ Галстанянды "орусиялык тыңчы" деп атап, аны Азербайжан менен "мамиленин кайрадан козутууда" деп айыпташкан.

Армениянын өкмөт башчысы Азербайжан Тоолуу Карабакты көзөмөлүнө алган жана эки өлкө ортосунда чек ара сүйлөшүүлөрү оңой эмес болуп жаткан чакта ЖККУга таяна албай койгонун бир нече жолу айткан. Москва, өз кезегинде, Арменияны батышчыл позициясы үчүн айыптады.

Азербайжан былтыр сентябрда эки өлкө көптөн бери талашып келген Тоолуу Карабак аймагын өз карамагына толук алгандан кийин ортодогу атышуу дээрлик токтогон. Бул аймакта жашаган 100 миңдей армян улутундагы киши үй-жайын таштап чыгып кетүүгө мажбур болгон. (RK)

Дагы караңыз

Жасалма акыл, IT заманындагы көркөм өнөрдүн орду Сталинизм: “Эмгек армиясында” азап чеккен советтик немистерАялын өлтүрүүгө айыпталган экс-министр Бишимбаев 24 жылга кесилди Казакстанда аялынын өлүмүнө айыпталган мурдагы министр 24 жылга эркинен ажыратылды