Казакстанда аялынын өлүмүнө айыпталган мурдагы министр 24 жылга эркинен ажыратылды

Куандык Бишимбаев.

Казакстанда аялы Салтанат Нукенованы өзгөчө мыкаачылык менен уруп-сабап, кыйнап өлтүргөн деп айыпталган мурдагы министр Куандык Бишимбаев күнөөлүү деп табылды. Бүгүн 13-майда борбор калаа Астананын район аралык кылмыш сотунда жарыяланган өкүмгө ылайык, ал 24 жылга эркинен ажыратылды, жаза мөөнөтүн коопсуздук чаралары күчөтүлгөн абакта өтөмөй болду.

Ал эми Бишимбаевдин кылмышын жаап-жашырган деген айып менен кармалган тууганы Бахытжан Байжанов төрт жылга кесилди.

Соттук териштирүү 11-мартта башталган. Окуя былтыр 9-ноябрда болгон. Прокурор мурдагы министр аялын тынымсыз сабаганын, аны өлтүрүп коюп, бир нече саат дарыгер да, полиция да чакырбай, тамак ичип, тааныштары менен телефон аркылуу сүйлөшүп жүрө бергенин билдирген. 31 жаштагы Нукенова алган жараатынан эсине келбей көз жумган.

Куандык Бишимбаев мурдагы президент Нурсултан Назарбаевдин тушунда Экономика министрлигин жетектеген. 2018-жылы коррупцияга айыпталып, 10 жылга камалган. Ага Кызылорда айнек заводунун курулушуна бөлүнгөн бир миллиард теңгени кымырып алган деген айып тагылган, бирок 2019-жылы мөөнөтүнөн мурда бошотулган.

Анын аялынын өлүмү Казакстанды нес кылып, зордук-зомбулукка каршы жазаны катаалдатууну талап кылган акциялар башталган. Натыйжада аялды жана баланы кордогондордун жазасын катаалдаштыруу мыйзамы кабыл алынган. (RK)

Дагы караңыз

Аялын өлтүрүүгө айыпталган экс-министр Бишимбаев 24 жылга кесилди Туткунга түшүп, "Манасты" Берлинден чыгарган Өгөй атасынан запкы көргөнү айтылган үч жашар кыз мурда да катуу сабалганы аныкталдыПутин Шойгуну экономист Белоусовго алмаштырды