Жалал-Абадда жер көчүп, Баткенде сел жүрдү

Сүлүктү шаарындагы сел. Иллюстрациялык сүрөт.

10-май күнү саат 22:30 чамасында Балыкчы – Казарман – Жалал-Абад альтернативдүү автоунаа жолунун 364-чакырымында жер көчкү жүрүп, жолду жаап калган. Буга байланыштуу жол каттамы жабылды. Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо (ЖКККБ) кызматы тарабынан пост уюштурулду.

Тазалоо иштери 11-май күнү "Чайна-Роуд" ишканасы тарабынан жүргүзүлөрүн Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) билдирди.

Аталган жолго 28-апрель күнү 1900 м3 жер көчкү түшүп, 29-апрель күнү тазаланган.

10-май күнү саат 18:00 чамасында Лейлек районунун Раззаков шаары, Сумбула, Ак-Суу айыл өкмөтүндө сай ичинде сел жүрдү. Жыйынтыгында Раззаков – Көк-Таш унаа жолунун 15-30 чакырымынын айрым жерлерине кум шагыл түшкөн. №13 Жол тейлөө ишканасынын жардамы менен жол ачылган.

ӨКМдин аймактык башкармалыгы абалды көзөмөлдөөдө.

10-майдагы катуу жааган жаандан улам Баткен районунун Самаркандек айылындагы сай ичинен да сел кеткен. Айылга коркунуч жаралган эмес, сел өз нугу менен агууда деп билдирди министрлик.

ӨКМ 10-12-май күндөрү күтүлүп жаткан катуу жаан-чачынга байланыштуу өлкөнүн айрым аймактарында сел жүрүү коркунучу күтүлүп жатканын эскертүүдө.(ZKo)

Дагы караңыз

10-май: Президент Жапаров алтын тууралуу айтты, Рахмон менен Путин жолугушту"Атам 40 жылга Сибирге айдалса да апам аны күткөн экен"Орусиядан жүз бурган Арменияда митингдер башталдыКемпир-Абад иши: Абактагылар соттогу басымга даттанды"Жылкычы чымчык" - кыргыз коомунун тасмага айланган кризиси