Бишкекте жылуулук түтүктөрүн оңдоо иштери башталды

Бишкектеги жылуулук электр борбору. Архив

Бишкек шаарында жылуулук түтүктөрүн алмаштыруу жана оңдоо иштери башталганына байланыштуу айрым жолдордо кыймылга чектөө киргизилди. Бул тууралуу "Бишкек жылуулук тармактары" ишканасы кабарлады. Ага ылайык, 10-майдан тарта борбор калаадагы Жукеев-Пудовкин көчөсүнүн Медеров жана Кулатов көчөлөрүнүн ортосундагы тилкесинде унаа кыймылына убактылуу чектөө киргизилет.

Оңдоо иштеринин жүрүшүндө жол астындагы жылуулук түтүктөрү толугу менен жаңысына алмаштырылат. Маалыматка караганда, бул түтүктөр 1985-жылы коюлган. "Аларды толугу менен алмаштыруу ысык суу жана жылуулук берүүнүн натыйжалуулугун арттырат", деп жазылган анда.

2-февралда таңкы саат 3төр чамасында Бишкек жылуулук электр борборунда (ЖЭБ) жарылуу болуп, электр энергиясын өндүргөн жана жылуулук берген отказандар өчүп калган.

Борбор калаада жылуулук жана ысык суу берүү чектелип, 5-февралда толук калыбына келтирилген.

ЖЭБдеги авариядан беш адам жабыркап, Бишкектеги “Тез жардам” борборуна түшкөн. Алардын экөөнүн абалы оор болгондуктан Түркияга дарыланууга жиберилген.

ЖЭБдеги кырсыкты иликтеген мекемелер аралык комиссия Бишкек жылуулук электр борборун жаңылоо үчүн болжол менен 250 миллион доллар керектелерин билдирген.(ZKo)

Дагы караңыз

Пакистанда жети чач тарачтын өлүмү иликтенүүдө "Москва ыйык жеңишти баскынчы согушту актоого колдонууда" Согуш ардагерлерине 100 миң сомдон берилди