Бишкекте Жеңиштин 79 жылдыгы белгиленди

9-майда Бишкек шаарындагы Жеңиш аянтында Экинчи дүйнөлүк согуштун 79 жылдыгына арналган митинг-реквием өттү.

Иш-чарада алгач Өчпөс отко гүлчамбар коюлуп, согушта курман болгондор эскерилди.

Реквиемге Жогорку Кеңешинин төрагасы Нурланбек Шакиев баштаган депутаттар, Мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов баштаган жетекчилер, согуштун ардагерлери, шаар тургундары, меймандар жана өлкөнүн Куралдуу күчтөрүнүн өкүлдөрү катышты.

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин ушул жылдын 1-мартына карата маалыматында, Кыргызстанда Экинчи дүйнөлүк согуштун 40тай ардагери калды. 2023-жылдын май айында алардын саны 64 болчу.

Мындан кийин Бишкек шаардык аскердик гарнизонунун жоокерлеринин салтанаттуу жүрүшү болду. Жыйынтыгында жетекчилер согуштун ардагерлери менен бирге атайын даярдалган аскердик тамактан ооз тийишти.

1941-1945-жылдары фашизмге каршы согушка Кыргызстандан 360 миңдей адам катышкан, алардын 90 миңден ашыгы фронтто курман болгон.

Майрамдык салтанатта сөз сүйлөгөн Төрага Нурланбек Шакиев Улуу Жеңиш майрамы мекенчилдиктин жана элдин тайманбас эрдигинин үлгүсү экенин белгиледи. Мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов президент Садыр Жапаровдун куттуктоосун окуп берди.

Ош шаарында да Жеңиштин 79 жылдыгына арналган иш-чаралар өттү. 

Ош гарнизондук аскер бөлүктөрүнүн жоокерлеринин салтанаттуу жүрүшү болду. 

Ош шаарынын борбордук аянтында концерттик программа өттү.