Кыргызстанда 11-класстын окуучуларына Жалпы республикалык тестирлөө өткөрүү күндөрү белгиленди.
Тестирлөө үч этапта өтөт. Биринчиси 18-20-майда, экинчиси 22-24-майда болот. Үчүнчү этап жүйөлүү себептер менен тест тапшырбай калгандарга 21-23-июнда болот.
Каттоого жетишпей калган бүтүрүүчүлөр үчүн 17, 21-май жана 20-июнь күндөрү тест борборлорунда кошумча каттоо жүргүзүлөт.
Жалпы республикалык тестирлөө мектеп бүтүрүүчүлөрүнө жогорку окуу жайларга өтүүгө мүмкүнчүлүк берген сынак. Билим берүү жана илим министрлиги окуу жайларга өтүүнүн босого баллы 110 деп белгилеген.
Жалпы республикалык тестирлөө 2000-жылдардын башында окуу жайларга парасыз кирүүнү камсыздоо максатында уюштурулган.
Дагы караңыз
Үч округдан жаңы шайланган депутаттар Жогорку Кеңеште ант бериштиДепутат болууга Ноокаттан төрт, Ысык-Көлдөн үч талапкер катталды Грузияда "чет элдик агент" мыйзамына каршы демонстрациялар уланды