Чукул билдирүү
Кыргызгидромет кызматы шашылыш билдирүү таратып, 10-12-майда Кыргызстандын аймагында туруксуз аба ырайына байланыштуу мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөп, бийик тоолуу райондордо кар жаай турганын эскертти.
11-12-майда түнкүсүн Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаайт. Тоо этектеринде жана тоолуу райондордо мөндүр жаашы мүмкүн.
Абанын температурасы төмөндөп, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.
Мындай туруксуз аба ырайы автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда мал кармоону кыйындатат, айыл чарба өсүмдүктөрүнө зыян келтириши мүмкүн.
Бул күндөрү нөшөргө байланыштуу Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын тоолуу жана тоо этектериндеги райондордо сел жүрүшү мүмкүн, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү күтүлөт.
9-майдын аба ырайы
Түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз жаан-чачын жаабайт, кечке жакын Чүй, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Бийик тоолуу райондордо жолдор тоңголок жана тайгак болот. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 13...18, күндүз 28...33,
Талас жергесинде түнкүсүн 10...15, күндүз 24...29,
Баткен Ош жана Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 13...18, күндүз 29...34,
Ысык-Көл дубанында түнкүсүн 8...13, күндүз 19...24,
Нарын облусунда түнкүсүн 4...9, күндүз 21...26,
Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -2...+3, күндүз 8...13°.
Бишкек шаарында жаан-чачын болбойт. Түнкүсүн 16…18, күндүз 30…32° болот.
Дагы караңыз
Медиа: АКШ Израилге бомба жөнөтүүнү убактылуу токтоттуЖалпы республикалык тестирлөө күндөрү аныкталдыОрусия Украинанын алты облусундагы энергетика объектилерине чабуул койду