АКШнын экс-президенти Дональд Трамптын сотунда 7-майда порноактриса Сторми Дэниэлс күбө катары көрсөтмө берди. Трамп 2016-жылы Дэниэлске андан он жыл мурда болгон окуялар тууралуу сөз катпашы үчүн 130 миң доллар мыйзамсыз төлөгөн деп айыпталууда.
Актриса сотто айтып бергендей, ал экс-президент менен Тахо курортунда таанышкандан кийин кечки тамакка чакырылган. Бирок Трамп бөлмөсүндө порнобизнес, порноиндустриядагы кесиптик кошуундар, үй-бүлөсү тууралуу кеп салып отуруп, кийин экөө жыныстык катнашка барышкан.
2016-жылкы президенттик шайлоо алдында Дэниэлстин оозун жабуу аракети, бул үчүн шайлоо кампаниясынын акчасын пайдалануу Трампка каршы биринчи кылмыш ишине себеп болгон. Ал өзү актриса менен жакын болбогонун айтууда.
Аналитиктердин пикиринде, Дэниэлс 2018-жылы Трамп менен эч нерсе болбогонун айтып келгендиктен, анын азыркы сөздөрүнө канчалык ишенсе болот деген күмөн саноону пайда кылышы мүмкүн. Экс-президенттин адвокаттары актриса акча алуу үчүн калп айтып атат деп санашат.
2018-жылы Трамптын адвокаты Майкл Коэн бул иш боюнча үч жылга абакка кесилген, ошол кезде мамлекет башчы болуп тургандыктан анын өзүнө айып тагылган эмес.
Ал арада Флоридадагы федералдык сотто Трамптын жашыруун документтерге байланышкан ишин караган судья 20-майга белгиленген отурумду белгисиз мөөнөткө жылдырды.
2020-жылдын аягында Трамп кызматын тапшырып жатып бир нече кызматтык документти жеке архиви үчүн алып кеткени кабарланган. Улуттук архив документтер купуя болгондуктан аларды тапшырууну өтүнүп, прокуратурага кайрылган.
Айрым аналитиктер ноябрдагы президенттик шайлоого чейин Трампты сотко тартуу кыйын болорун айтышат. Экс-президент мамлекет башчылык үчүн ат салышуу аракетин көрүүдө.
Дагы караңыз
Орусия Украинанын алты облусундагы энергетика объектилерине чабуул койдуБШК Бекмурза Эргешов боюнча кийинки соттук инстанцияга кайрылбайтКыргызстандан ЕАЭБден сыртка кагаз жана картон экспорттоого салынган тыюу узартылды