Кыргызстандан Евразия Экономикалык Биримдигинин (ЕАЭБ) аймагынан тышкары кагаз жана картон ташып чыгууга тыюунун мөөнөтү дагы алты айга узартылды. Тийиштүү чечимге Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койгону тууралуу маалымат өкмөттүн сайтына жарыяланды.
Маалыматтарга ылайык, аталган эки товарды экспорттоого чектөө 2021-жылы жана 2022-жылдын да колдонулган. Кийин дагы узартылып келген. Тыюу салуунун жана аны узартуунун себеби айтылган эмес.
2023-жылдын сентябрында мындан тышкары Кыргызстандан жыгач жана жыгач материалдарын ЕАЭБдин бажы аймагынын чегинен тышкары ташып чыгууга убактылуу тыюу салуу тууралуу чечимге да кол коюлган. Өкмөттүн сайтында ал узартылганы тууралуу маалымат жок.
Статистикалык маалыматтарга караганда, Кыргызстанда 2019-жылдан бери кагаз продукцияларын өндүрүү көбөйгөн, аны менен катар макулатуранын импорту өскөн.
Өлкө аймагында кагаз продукцияларын өндүргөн "Картон", "Алихан Компани", "Алтын-Ажыдаар", "Paper Company", "Ак-Кайың", "Эфес ЛТД", "ИФА", "Кош Тамчы" жана башка ишканалар бар. (ErN)
Дагы караңыз
Eurovision сынагы коопсуздук чаралары күчөтүлгөн шартта өтүүдө Минск шаарындагы мектепке кыргызстандык Жумаш Асаналиевдин ысымы ыйгарылдыАтайын кызмат Ошто баңгизат соодасынын лидери кармалганын билдирдиУКМК "Йакын инкар" кыймылына мүчө деп шек саналгандардын үйүн тинтти"Жылкычы чымчык" тасмасы Париждеги фестивалда сыйландыУКМК интернетке тараган алтын боюнча видеого комментарий бердиБишкек мэриясы жети курулуш компаниясына айып пул салды