Атайын кызмат Ошто баңгизат соодасынын лидери кармалганын билдирди

Иллюстрация

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитет (УКМК) Ошто "Шрек" каймана аттуу эл аралык баңгизат тобунун лидери кармалганын кабарлады.

8-майда таратылган маалыматка ылайык, ал 29-апрелде Ош шаарында ыкчам-иликтөө иш-чарасынын алкагында колго түшкөн. Анын жанынан 1 кг "гашиш" маңзаты табылганы, өзү УКМКнын тергөө абагына камалганы айтылат билдирүүдө.

Атайын кызмат шектүүнү "баңгибарон" деп мүнөздөп, аты-жөнүн кыскартып Я.М.М. деп жарыялады. Ал уюшкан кылмыштуу баңги топторунун лидери катары Ички иштер министрлигинин каттосунда экенин, Орусияда героин сатканы жана сактаганы үчүн мурда кылмыш жоопкерчилигине тартылганы кошумчаланган.

Милиция Кыргызстанда былтыр баңгизаттарына байланыштуу 800дөй факт катталып, үч тоннадан ашык маңзат кармалганын билдирген.

Дагы караңыз

УКМК "Йакын инкар" кыймылына мүчө деп шек саналгандардын үйүн тинтти"Жылкычы чымчык" тасмасы Париждеги фестивалда сыйландыУлуттук банк жыл башынан бери валюта базарынан 91 млн доллар сатып алды