Улуттук банк жыл башынан бери валюта базарынан 91 млн доллар сатып алды

АКШ доллары. Иллюстрациялык сүрөт.

Улуттук банк 7-майда валюта базарынан 17 миллион 700 миң доллар сатып алды. Бул маалымат банктын расмий сайтына жарыяланды.

Ушуну менен өлкөнүн негизги банкы жыл башынан бери валюта рыногунан 91 миллион 300 миң доллар сатып алды.

Ушул тапта доллардын расмий курсу 88 сом 56 тыйын болууда. Коммерциялык банктар менен менчик акча алмаштыруу жайларында бир доллар 88 сом 50 тыйындан сатып алынып, 89 сом 30 тыйындан сатылууда.

Интервенция доллардын курсу кескин көтөрүлүп же түшүп кеткенде жасалат. (BTo)

Дагы караңыз

Министрлер кабинетинин төрага орун басары Байсалов алтын жөнүндө видеого комментарий бердиБШК Шайлообек Атазовду депутаттык мандаттан ажыраттыБаткен: Кыргыз-тажик чек ара тилкесинде абал туруктууӨзбекстанда басмачы деп айыпталган дагы 198 жаран акталдыКытай лидеринин Европа сапарында Украина маселеси көтөрүлдү7-май: Кыргыз-тажик чек арасында ок атылды, прокурор жазуучу Олжобай Шакирге жети жыл жаза сурады Украина Зеленскийге кол салууну көздөгөн эки полковник кармалганын билдирди