Өзбекстанда 25 жаштагы келин күйөөсүнүн ур-токмогунан каза тапканын бүгүн 7-майда «Азаттыктын» өзбек кызматы («Озодлик») Nemolchi.Uz долбоорунун маалыматына таянып жазды. О
куя Жизак облусунун Шараф-Рашид районунда болгонун, күйөөсү аялын катуу сабап, андан соң муунтуп өлтүргөн деп шектелип жатканын Millar телеканалы да кабарлады.
Маркум келиндин эжесинин айтымында, жубайлардын жашоосу тынч эмес болчу, 2022-жылы сиңдиси күйөөсүнүн зомбулугуна чыдабай төркүнүнө качып барган, ага милиция коргонуу ордерин да жазып берген.
«Кантип каза болгонун так билбей жатабыз, үч жашар уулунун айтымында, апасын атасы союл менен сабаган», – деди ал.
Чырга кызганыч себеп болгонун жубайлардын тааныштары айтып беришти.
Облустук прокуратура келиндин өлүмүнө байланыштуу кылмыш иши козголгонун, териштирүү жүрүп жатканын, ал муунтуудан көз жумганын билдирди.
Дагы караңыз
7-май: Кыргыз-тажик чек арасында ок атылды, прокурор жазуучу Олжобай Шакирге жети жыл жаза сурады Кечки Азаттык (3-чыгарылыш) УКМК кыргыз-тажик чек арасында ок атылганын маалымдадыОрусияда согушту айыптаган дагы бир активист эркинен ажырады