6-майга карата Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү 7 млрд 770 млн метр кубга жетти. “Электр станциялары” ишканасынын сайтындагы маалыматка ылайык, суу сактагычка секундасына орточо 352 метр куб суу агып кирип, сууну керектөө секундасына 197 метр кубду түзүүдө.
2023-жылдын 6-майында суу сактагычта 8 млрд 155 млн метр куб суу бар болчу.
Марттын башында Кыргызстанда эки негизги - Токтогул жана Үч-Коргон ГЭСтеринде реконструкциялоого байланыштуу жарык өчүрүлө баштаган. Бул жагдай карапайым калкка түйшүк жаратып, нааразылыктарга себеп болгон.
Энергетика министрлиги 8-марттан баштап жарыкты убактылуу өчүрүү токтотулганын билдирген.
Токтогул суу сактагычына 19 млрд метр кубдан ашуун суу батат. Мындай көлөмдөгү суу акыркы жолу 2010-жылы чогулган. Суу сактагыч Нарын дарыясына курулган. Ага башка да бир катар – Көкөмерен, Чычкан, Узун-Акмат, Таркент жана башка дарыялар куят.
2007-2008-жылдары Токтогул ГЭСинде суу 7-8 млрд метр кубга чейин азайып, элге электр энергиясын берүүгө чектөө киргизилген.
Адистер суунун көлөмү 6,5 млрд метр кубга түшкөндө ГЭСтин иши токтоп кала турганын эскерткен. (КЕ)
Дагы караңыз
Кыргызстанда тогуз мектептин ачылышы болду, Оштогусуна президент Жапаров катыштыПрезидент Садыр Жапаров 9-майда Москвадагы парадга катышатКыргызстанда бир жылда майнингден 93 млн сом салык түштүБишкекте маңзат, синтетикалык кошулмалар табылган түнкү клуб жабылды