Путин Кыргызстандын элчисин Достук ордени менен сыйлады

Кыргызстандын Орусиядагы элчиси Гүлнара Клара-Самат.

Орусиянын президенти Владимир Путин Кыргызстандын бул өлкөдөгү элчиси Гүлнара Клара-Саматты жана президенттик администрациянын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиевди "Достук" ордени менен сыйлады. Документ Орусиянын укуктук актылар порталында жарыяланды.

Сыйлыктар Орусия менен Кыргызстандын ортосундагы союздаштык жана стратегиялык өнөктөштүк мамилелерди чыңдоого кошкон чоң салымы үчүн тапшырылганы белгиленген.

Гүлнара-Клара Самат Кыргызстандын Орусиядагы ыйгарым укуктуу элчиси болуп 2021-жылдын февралында дайындалган.

Ошондон бери элчинин ишине байланыштуу маселе бир нече жолу көтөрүлүп, Жогорку Кеңеште анын кызмат ордун кароо сунушу айтылган.

Бир топ сындардан кийин Тышкы иштер министрлиги чет өлкөлөрдөгү кыргыз элчилерине, айрыкча Гүлнара-Клара Саматка диаспоралар менен иштөөнү күчөтүүнү тапшырган. (КЕ)

Дагы караңыз

Сүлүктүдө жаандан улам жолдорду сел каптадыСокулукта болгон жол кырсыгын милиция териштиретИзраил "Ал-Жазиранын" ишин токтотуу сунушун колдодуFT: Орусия Европада диверсия даярдап жатышы мүмкүн деп эскертилди