Жапаров Баш мыйзамдын ченемдерин аткаруу керектигин айтты

5-майда Кыргызстандын Баш мыйзамынын кабыл алынганына 31 жыл толду. Президент Садыр Жапаров бул датага байланыштуу элге куттуктоо жолдоп, Конституцияны барктоого чакырды.

"Конституция – мамлекеттик жана жарандык биримдикти символдоштурган өзгөчө баалуулук. Бул баалуулукту барктай да, баалай да билүүгө тийишпиз. Баш мыйзамыбыздын ченемдерин кыйшаюусуз аткарууну сүйүктүү Мекенибиздин туруктуу өнүгүүсүнүн кепили катары кабылдашыбыз абзел",- деп жазылган Жапаровдун куттуктоосунда. Анын тексти президенттин сайтына жарыяланды.


СССР урагандан кийин эгемен Кыргызстандын Конституциясын 1993-жылы 5-майда легендарлуу парламент кабыл алган. Бул аралыкта Конституция бир канча жолу өзгөртүлүп, соңку референдум 2021-жылдын 11-апрелинде болгон. Ага шайлоочулардын 36,66% катышып, алардын 79% ашыгы Баш мыйзамдын жаңы долбоорун колдогон. Ошентип Кыргызстанда президенттик башкаруу системасы киргизилген. Ага чейин парламенттик-президенттик башкаруу болгон.

5-май жылнаамада кызыл менен белгиленип, майрам күн болуп саналат.

Дагы караңыз

"Оор күндөр алдыда". Украинадагы согуш качан аяктайт? Бишкек-Ош каттамындагы учак авариялык конууга аргасыз болдуОрусиянын Ички иштер министрлиги Зеленскийге издөө жарыялады