Казакстанда сел каптаган аймактардын бири – Атырау облусунун Күлсары шаарында жергиликтүү тургундар 2-майдын кечинде калаанын борбордук аянтына чогулуп, бийликтен жардам сурашты жана суу алдында калган үй-мүлкүнүн чыгымынын ордун толтурууну талап кылышты.
«Азаттыктын» казак кызматынын маалыматына караганда, 100гө жакын киши кечки саат 8де барып, түнкү бирге чейин топтолуп турду.
Алар үйүнөн айрылганын, жаңы турак жай курууга же сатып алууга мажбур экенин айтып, ар бир чарчы метр үчүн 400 миң теңгеден же накталай, же банк эсебине которууну талап кылышты, талабы аткарылмайынча акциясын токтотпой турганын айтышты. Акцияга полиция кызматкерлери көз салып турду.
Жергиликтүү бийлик өкүлдөрү акцияга чыккандар менен жолугуп, тарткан зыянынын ордун мамлекет толтуруп берерин билдиришти. Жабыркаган тургундар мындай убада башынан эле берилип келе жатканын, бирок эч кандай жардам көрө электигин, маселеге өлкө президентинин көңүлүн бурдурууга аракет кылып жатканын айтышты.
Март айынын соңунан тартып дээрлик бир ай бою Казакстандын батыш жана түндүк аймактарында сел жүрүп, он чакты облуста өзгөчө кырдаал жарыяланган. 120 миңдей киши үйүн, короо жайын суу алып, эвакуация болгон. 7 миңден ашуун үйдү суу каптаган. Кеминде жети киши каза тапканы расмий айтылган. Селге каршы чаралар убагында көрүлбөгөнүн айтып бийликке нааразылыгын билдирип чыккандарга айыппул салынган. (RK)
Дагы караңыз
Украина: "Май айы майданда оор болот" Байден Курмашеванын жана Гершковичтин маселесин кайрадан көтөрдү Украина: Орусия согушта химиялык куралга өттүбү? Эки округда шайлоо өткөрүү үчүн 21 млн 748 миң сом сарпталат