Орусияда аскер комиссариатынын алдына барып өзүнө өрт койгон киши ооруканада көз жумагын «Север.Реалии» медицина кызматкерлеринин 2-майдагы маалыматына таянып билдирди.
Андан бир күн мурда айрым Telegram-каналдар окуя Санкт-Петербург шаарында болгонун, 24 жаштагы жигит Ленинград облустук аскер комиссариатынын короосуна барып өзүнө өрт койгонун, денесинин 90% күйүк алганын, оор абалда ооруканага жеткирилгенин жазышкан.
2022-жылы февралда Украинага кол салгандан кийин Орусияда мобилизация жарыяланган. Аскерге жөнөтүлө турган курактагы эркектердин айрымдары башка өлкөлөргө чыгып кетишкен. Согушка баруудан баш тарткан орусиялыкар өзүнө жана аскердик комиссариаттын имаратына өрт койгон окуялар буга чейин да катталган.
Орус бийлигинин Украинага агрессиясын айыптаган, тынчтыкка үндөгөн, согушка баруудан баш тарткандар «чет элдик агент», «террорчу» деген сыяктуу айыптар менен камакка алынууда. (RK)
Дагы караңыз
АКШ Газадагы аскерлерине коркунуч жок экенин билдирдиКүлсарыда суу баскан үйлөр көгөрүп жататСузактагы кырсык: ооруканадагы он бала Бишкекке жеткирилди Сузакта жабыркаган балдарга президенттин фондунан акча берилди